• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Президент Жапаров республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тууралуу айтып берди

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдиргендей, 2021-жылдын 9 айында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 129 млрд сомду түзүп, план 107%га аткарылды.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43%га, 2019-жылга салыштырмалуу 32%га көп.

"Өз кезегинде, 2021-жылдын 9 айында бюджеттин чыгаша бөлүгү 127,7 млрд сомду түздү, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 %га жана 2019-жылга салыштырмалуу 26% га көп", - деди ал.

Мамлекет башчысы ошондой эле республикалык бюджетте каражаттын өсүшүнө байланыштуу медицина кызматкерлеринин, маданият кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн айлык акылары көтөрүлгөнүн кошумчалады.

“Республикалык бюджеттин кирешесине карата бардык тармактын кызматкерлеринин, биринчи кезекте билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы жогорулайт", - деп жыйынтыктады ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун ата мекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий