• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров Түркиянын президентине жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга өлкөдө көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, Түркия жана Сирияда очогунда күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир катар имараттар кыйраган. Курмандыктар бар.

Пикир

Оставить комментарий