• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппартынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мындан аркы кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдөгү өз ара аракеттенүүсү жана калкты COVID-19дан сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

«Кыргыз тарап буга чейин аныкталган тышкы саясат багытын эч качан өзгөрбөйт жана Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди мындан ары дагы чыңдоого жана бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Мен өз ара аракеттенүүнү жана эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү үчүн бардык зарыл болгон аракеттерди көрүүгө даярмын», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосундагы тыгыз кызматташтыкты улантуу зарылдыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди. Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар буга чейин жетишилген макулдашууларды жана келишимдерди өз ара жактарын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий