• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров Россияда баңгизат боюнча камалган 900 кыргызстандык мекенине которуларын айтты

Курултай 0

Бишкек, 26.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Курултайда президент Садыр Жапаров делегаттын Россияда кыргызстандыктар баңгизат менен камалып жатканы боюнча сөзүнө жооп узатты.

“Былтыр Кыргызстанда 3 тонна баңгизат алынган. Тажикстан менен чек арабыз жабык болгону менен ар кандай жол менен баңгизат келе берет экен. Быйыл 6 тонна алынды. Россияда делегат айткандай 2 миң эмес, 900гө жакын кыргызстандык камакта жатат. Жарым жылдан бери башкы прокурор бул багытта иштөөдө. Баңгизат боюнча камалгандардын баарын чогултуп, Кыргызстанга алып келели деп жатабыз. Бул жактан жазасын өтөшөт”, - дейт президент.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий