• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров Россиянын "Голос" долбоорунун жеңүүчүсү болгон Александр Волкодавды куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Россиянын "Голос" долбоорунун жеңүүчүсү болгон кыргызстандык Александр Волкодавды куттуктады.

Президент Жаңы жылдын алдында жалпы кыргызстандыктарды кубандырган эң сонун жаңылык Москвадан келгендигин жазган.

"Мекендешибиз Александр Волкодав абройлуу "Голос" теледолбоорунун мааракелик сезонунун жеңүүчүсү болду. Бул чет элдик вокалдык шоунун финалын миллиондогон көрүүчүлөр бир дем менен көрүп отурду десек аша чапкан болбойбуз. Бүт өлкө кыргызстандык Александр Волкодавды телеэкрандан сүрөп турушту. Мекендешибиз сынактын бардык баскычтарын ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы экенин далилдеди. Мекендештерибиздин арасында Кыргызстандын даңкын өлкө сыртына да даңазалаган таланттуу жаштар бар экенине абдан сыймыктанабыз. Александрдын жеңиши биз үчүн жаңы жылдык эң сонун белек болду. Ага мындан ары дагы албан-албан ийгиликтерди, чоң-чоң жетишкендиктер менен жеңиштерди каалайм!", - деп билдирүү калтырган президент.

Пикир

Оставить комментарий