• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Садыр Жапаров Сауд Арабиясы менен түз аба каттамын ачууну сунуштады

Президент 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Сауд Арабиясы менен түз аба каттамын ачууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-мартта, Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жума менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө билдирди.

Белгилей кетсек, президент Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы дипломатиялык ишмердүүлүгүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алган.

Мамлекеттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык жана транспорт чөйрөсүндөгү маселелер тууралуу пикир алмашышты.

undefined

Мамлекет башчысы белгилегендей, кыргыз-сауд кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири — соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү болуп саналат. Бул багытта тараптарда реалдуу потенциалдар бар, бирок эки өлкө ортосунда аба каттамдарынын жок болгондугунан улам соода жүгүртүүнүн көлөмү төмөн болуп жатат.

"Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров Сауд Арабиясы менен соода-сатыкты өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамын ачууну сунуштады. Ошондой эле президент Сауд Арабияны маанилүү инвестициялык долбоорлордо өнөктөш болууга чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий