• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров шайлоо босогосун жана күрөөсүн азайтуу боюнча өз оюн билдирди

Президент 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров шайлоо босогосун жана күрөөсүн азайтуу боюнча өз оюн билдирди.

"Мен түндө мыйзамдарды карап чыктым. Бүгүнкү күнгө чейин мыйзам талаасынан чыкпайлы деп келе жатабыз. Эч качан мыйзам талаасынан чыкпайбыз. Парламенттик шайлоо боюнча бир мандаттуу шайлоону азырынча туура эмес деп көрдүм. Анткени парламенттик шайлоо мыйзам боюнча партиялык система менен өтүшү керек. Ал эми шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү деген сунуштар болууда, аны өзүңүздөр чечиңиздер. Бирок 3 пайыз өтө эле төмөн, 5 пайызга түшүрүү туура деп ойлойм. 5 млн сомдук күрөөнү 1 млн сомго түшүрүү жана 120 депутаттын санын 70 же 90го түшүрүүнү сунуштайт элем. Бул менин жеке оюм, эч кимге таңуулабайм", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий