• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров шайлоо жана референдумда добуш берди — сүрөт

Президент 0

Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоору боюнча референдумга добуш берди.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Добуш бергенден кийин президент жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасап, анда Кыргызстанда 30 жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин Конституция көп жолу өзгөргөндүгүнө токтолду.

Садыр Жапаровдун баса белгилешинче, Конституциянын жаңы вариантын даярдоо процессине аксакалдар, академиктер, укук жаатындагы окумуштуулар катышып, Баш мыйзамдын долбоорунун мазмунун коомчулук менен ачык талкуулашты.

Мамлекет башчысы өлкө жарандарын референдумга жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого активдүү катышууга чакырды.

«Ким кантип жана эмнеге добуш берет — бул анын жеке тандоосу, биз эч кимди мажбурлай албайбыз. Бизде ачык-айкын шайлоо процесси болушу керек», — деп билдирди президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий