• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаров: Шайлоодо ак ниеттик менен добуш берүү маанилүү

Президент 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. «Ар бири өз өлкөсүнүн патриоту катары аракеттенип, шайлоодо ак ниеттик менен добуш берүүсү маанилүү», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 15-ноябрда алдыдагы парламенттик шайлоолор темасына токтолуп, Бишкек шаарындагы ТЭЦ – 2 жанында пайда болгон конуштун тургундары менен баарлашуу учурунда.

Мамлекет башчысы алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо – бул келечектеги беш жылга болгон акыркы саясий процесс экенине өзгөчө көңүл бурду. Бул шайлоолорду өткөргөндөн кийин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат.

Садыр Жапаров элди, анын ичинде аталган конуштун жашоочуларын дагы бир жолу шайлоолордо ак ниет, жигердүү болуп жана өз добуштарын сатпоого чакырды.

Ар бир добуш – чечүүчү. Эгер, алар кимдир бирөө тигил же бул талапкерге же партияга добуш сатууга үгүттөп жатканына күбө болуп калышса, тийиштүү ыкчам чараларды көрүү зарыл.

Президент шайлоодо добушун саткан жана сатып алган жарандар жоопкерчиликке тартыларын эске салды. Жазык кодексинде тийиштүү берене бар жана ага ылайык эркиндиктен ажыратуу жазасы каралган.

Анын айтымында, тажырыйба көрсөткөндөй, ушундай ыкма гана бул сыяктуу мыйзам бузууларды токтото алат. Антпесе, көпчүлүк акчага азгырылып, добуштарды сатып алууга же сатууга барууга даяр.

«Сиздер билгендей, өткөн шайлоолордо бардыгы тескерисинче болгон. Добуштар сатылып жана сатылып алынган, административдик ресурс колдонулган, жергиликтүү жетекчилерди, дарыгер, мугалимдерди “чуркоого” мажбурлашкан. Азыр эми биз тескерисинче кылып атабыз, мындай фактылар аныкталса, күнөлүүлөр кызматынан алынат.

Мисалы, мындай фактылар үчүн бир катар жетекчилер кызматтан кетишти», - деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров мындан ары мындай болбой турганына көңүл буруп, таза эмес шайлоо деген түшүнүк жоюларына басым жасады.

Пикир

Оставить комментарий