• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен бейформал жолугушуу өткөрдү

Президент 0


Бишкек, 27.01.23./Кабар/. Бүгүн, 27-январда президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бейформал жолугушуусу болду.

“Ала-Арча” жаратылыш паркында кыргыз элинин каада-салты менен тааныштыруу үчүн улуттук боз үйлөр тигилип, элдик көркөм кол өнөрчүлөр менен усталардын жасаган буюмдарынын көргөзмөсү жайылды.

Ошондой эле темир устанын чатыры тургузулуп, анда соот кийимдер, туулгалар, калкандар, аскердик кемер-курлар жана байыркы усталардын зер буюмдары илинди.

Ата-бабалардан мурасталгандай, темир уста сом темирди дөшүгө коюп, кынаптап ийип, така жасап, андан соң чатырдын жанында байланган атты такалаган көрүнүш берилди.

Мындан тышкары, өлкөнүн лидерлери кыргыздын улуттук тамак-аштарынан даам сызышты.

Андан кийин “Мурас” фольклордук-этнографиялык тобу ардактуу меймандарга белгилүү кыргыз жана өзбек улуттук музыкалык чыгармаларын аткарып беришти.

Пикир

Оставить комментарий