• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Кумтөр алтын кенинин макамы боюнча «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы жана тийиштүү келишимге кол коюлушу менен куттуктады.

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулап, аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна эки орто мектепти куруу, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрын реконструкциялоо маселесин чечкени үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров ошондой эле, Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга пландалган иш сапары эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 26-27-майында Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Евразиялык экономикалык форумдун жыйынына Өзбекстандын президенти өзү катышарын күтүп жатканына көңүл бурду.

Сүйлөшүү соңунда мамлекет башчылары ыйык Рамазан айынын башталышына байланыштуу бири-бирин куттукташты.

Пикир

Оставить комментарий