• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров Штайнмайерди Германиянын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди экинчи мөөнөткө кайра шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

“Кыргызстан үчүн Германия менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү артыкчылыктуу мүнөзгө ээ жана биз кыргыз-герман өз ара мамилелеринин ырааттуу кеӊейтилишине зор маани беребиз.

2022-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Бул мөөнөттүн ичинде эки өлкөнүн ортосунда достук мамилелер түзүлүп, учурда ар кандай чөйрөлөрдө көп кырдуу кызматташуу жигердүү өнүгүүдө”, - деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Франк-Вальтер Штайнмайерге бекем ден соолук жана анын мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Германия элине бакубатчылык менен гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий