• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Сокулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборуна жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жапаровдун Телеграм-каналында айтылат.

Маалыматка ылайык, аталган борборго 1 миң 50 таңгак (35 миңден ашык) жалаяк жеткирилди.

Сокулуктагы реабилитациялоо борборунун директору Бакытбек Абдиев президентке көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз Садыр Жапаровдон көптөн күткөн белекти алдык. Балдарга керектүү 1 миң 50 таңгак жалаяк келди. Жалаяктар 10 айга жетет. Чоң рахмат", - деди Абдиев.

Пикир

Оставить комментарий