• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Сот адилеттигине кызмат өтөөнүн ардактуу, ары оңой эмес миссиясы судьялардан жана сот кызматкерлеринен жогорку билим деңгээлин, тажрыйбаны жана өзгөчө жеке сапаттарды: ар-намысты, кадыр-баркты, ишке дили менен берилгендикти талап кылат. Сот бийлигинин аброю анын ар бир тепкичинин так иштеши, ар бир кызматкердин өз милдеттерин так аткарышы менен түздөн-түз байланыштуу.

Коомчулукта азыркы сот тутумуна карата көптөгөн терс пикирлер айтылып жатканына карабастан, биздин судьялар корпусунда кесипкөй, чынчыл, ак ниет, абийирдүү жана кайраттуу адамдар чогулгандыгы жана ошондой эле ал адамдардын адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту жайылтуу боюнча журт алдындагы ыйык парзын мындан ары дагы ар-намыс менен аткарууга ниеттери күч экендиги тууралуу менде толук ишенич бар.

Андыктан, урматтуу судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери, бардыгыңыздарды бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөгүмөн куттуктайм. Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чың ден-соолук, аманчылык каалаймын.

Алла-Таалам ар дайым бардыгыңыздарга ыйман, кут-береке жана бакубат жашоо насип этсин!».

Пикир

Оставить комментарий