• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Кыргызстандын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады, -деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Кыргыз Республикасынын урматтуу судьялары жана сот системасынын кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Кыргызстандагы сот адилеттиги тармагынын өкүлдөрү катары сиздер жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу, коомдо жана мамлекетте мыйзам үстөмдүгү принциптерин чыңдоо милдетин өтөп келесиздер.

Бюджеттин чектелүү экенине карабастан, мамлекет сот системасынын адистеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга, анын материалдык-техникалык базасын жаңыртууга, судьялардын социалдык абалын жакшыртууга өзгөчө маани берип, каражат бөлүп келет. Бул чөйрө алдыңкы технологияларды, анын ичинде санариптештирүүнү кеңири колдонууга жана электрондук сот адилеттигине өтүп жатат.

Ошондуктан судьялар жана аппарат кызматкерлери бул процесстерге уюштуруучулук жана техникалык жактан даяр болушу керек. Анткени мындай аракеттер 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн өтө маанилүү.

Сотторго адам тагдырына тиешелүү маселелерди чечүүгө ишеним берилген. Бул өтө жооптуу милдет экендигин баарыбыз жакшы билебиз.

Сот бийлигинин натыйжалуу ишине анын бардык институттарына болгон жарандардын ишеними жана мамлекеттеги туруктуу абал абдан көз каранды.

Жогоруда мамлекет тарабынан жасалып жаткан алгылыктуу иш-аракеттер кесиптик милдетин абийирдүү аткарып, элдин сот корпусуна болгон үмүтүн адилеттүү актап, мыйзамдарды сактоого өбөлгө болот деп ишенем.

Адамдардын сый-урматы менен ишенимине ээ болуу сиздердин күнүмдүк ишиңиздердин маанилүү багыттары болуп кала бериши абзел.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, күч-кубат жана мыйзам алдындагы жооптуу, түйшүктүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!”

Пикир

Оставить комментарий