• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров: Сын айткандарды жаман көрбөйм, сотко да бербейм

Президент 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге курган маегинде коомчулуктун учурдагы актуалдуу суроолоруна жооп берген.

Президент биринчиден, сөз эркиндигине эркиндик берип, экинчиден, өлкө башчы катары баарын бирдей көрүшү керектигин билдирди.

“Үй-бүлөдө деле он балаң болсо бир экөө начар чыгат. Анан аларды кодулап, бөлүп таштай албайсың да. Баарын бирдей жакшы көрөсүң. Мага сын айтып аткандарды, тилдеп аткандарды жаман көрбөйм. Сотко бербейм. Кечирим суратпайм. Сабырдуулук кылып тим коюп жатам. Бирок чектен ашып бара жатса, катуу тарбиялап койгонго эрким жетет. Чектен чыкпаш керек. Жүз пайыз элдин баарына жакпайсың. Жасалып жаткан иштерди бири туура түшүнөт, бири тескери түшүнөт. Бири көрүп айтат, бири көрбөй айтат. Жакшы иштерди көрүп турса дагы көргүсү келбеген адамдар бар”, - дейт ал.

Өлкө башчы аны колдоп такка олтургузган 80 пайыз шайлоочуларга эч кам санабоосун айтты.

“Мен баш көтөрбөй жакшы иштерди жасай берем. “Жөжөнү күздө санайбыз”. “Жөжө санаар” мезгил келгенде эч качан силерди жер каратпаймын”, - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий