• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров Түркияга учуп кетти — коштоп кеткендердин тизмеси

Президент 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Анкара шаарына (Түркия Республикасы) Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкө башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.

Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев;

– өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

– экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдырахманов.

Пикир

Оставить комментарий