• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Самарканд шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун Саммитинин алкагында Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалына баа берүү боюнча пикир алмашуу болуп, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду жана бүткүл бир тууган түркмөн элин ага «Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени» сыйлыгынын ыйгарылышы менен куттуктады.

Ал ушул жогорку сыйлык Гурбангулы Бердымухамедовдун түрк мамлекеттеринин биримдигин жана ынтымагын чыңдоого, ошондой эле ТМУнун эл аралык аброюн көтөрүүгө кошкон жеке салымын айкын көрсөтүп тураарын белгилеп өттү.

Президент Садыр Жапаров өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, Гурбангулы Бердымухамедовдун кыргыз-түркмөн кызматташтыгын чыңдоого кошкон салымын жогору баалады.

Мамлекет башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркмөнстан жакын дос, стратегиялык өнөктөш жана боордош өлкөлөр, ал эми элдер эзелтеден достук, туугандык байланыштарды сактап келет.

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовду Кыргызстанга ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу байланыштарды, анын ичинде өлкөлөрдүн парламенттеринин деңгээлинде, өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар активдүү темп менен өнүгүшү керек болгон өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий