• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров: Түзүлгөн кырдаал олуттуу чараларды кабыл алууну талап кылат

Өкмөт 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун төрагалыгында өкмөттүн жаңы курамынын алгачкы жыйыны болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт жыйынын ачып жатып, Кыргыз Республикасы адам турмушунун бардык чөйрөлөрүнө таасирин тийгизген жеңил эмес кырдаалга туш болгоунун белгиледи.

«Түзүлгөн кырдаал олуттуу чараларды кабыл алууну талап кылат. Буга байланыштуу макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган атайын программа иштеп чыгуу өтө зарыл. Биз чакан жана орто бизнести, инвесторлорду коргоону, бизнести туруктуу негизде жүргүзүүнү камсыз кылышыбыз керек», - деди Садыр Жапаров.

Өкмөт башчы белгилегендей, кризистик көрүнүштөрдүн алдын алуу жана минималдаштыруу алкагында мамлекеттик саясат төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталат:

1. Чакан, орто бизнести колдоо жана инвесторду коргоо;

2. Бюджетти колдоо;

3. Экспортттук-импорттук операцияларды колдоо;

4. Мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүүгө өткөрүү;

5. Административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана бизнести баштоонун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү.

Бул маселелерди чечүү үчүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканы турукташтыруу боюнча кыска мөөнөттүү иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоору иштелип чыккан.

Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов баяндама жасады.

Ал белгилегендей, бул долбоордун кабыл алынышы макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуулугун камсыз кылууну жана бизнес, экспорт, айыл чарба жана калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүүнү шарттайт.

Ошондой эле бул буйруктун долбоору билим берүү, саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча социалдык программаларды кеңири колдонуу жана башка мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.

Андан соң Өкмөт мүчөлөрү буйруктун долбоорун талкуулап, жыйынтыгында келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен долбоор кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий