• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Садыр Жапаров Таластагы «Манас Ордо» улуттук комплексине келди

Президент 0

Бишкек, 29.08.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусундагы «Манас Ордо» улуттук комплексине келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы «Манас Ордогу» театрлаштырылган маданий спектаклге катышат.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Урааным Манас!» аталышындагы театрлаштырылган маданий иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

Башталышы 29-августта саат 20:20да.

Пикир

Оставить комментарий