• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери расмий жолукту. Видео

Президент 0


Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-мартта, Ташкент шаарынын «Куксарой» резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинди. Эки өлкөнүн гимндери жаңыргандан кийин мамлекет башчылары Ардактуу кароол ротасынын тизилген жоокерлерин бойлоп басып өтүштү.

Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты. Андан соң Ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү.

Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев чакан форматтагы сүйлөшүүгө киришти.

Пикир

Оставить комментарий