• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Садыр Жапаров ТМККнын 8-саммитине катышуу үчүн Түркияга учуп кетти — коштоп кеткендердин тизмеси

Президент 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Сапар алкагында мамлекет башчысы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) катышуучу-өлкө башчыларынын «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи саммитине катышат.

Мындан сырткары, саммит аянтчасында президент Садыр Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:

— Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

— Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов;

— Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— Кыргыз Республикасынын энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Пикир

Оставить комментарий