• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров ТТМнын атайын кызматтарынын конференциясынын делегация башчыларын кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 24-конференциясынын (ТҮРКОН) делегация башчыларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилери менен учурашып, мамлекет башчысы терең тарыхый байланыштар, көп кылымдык ынак коңшулаштык тажрыйбасы жана өлкөлөр менен элдердин жемиштүү кызматташуусу ТҮРКОНдун алкагында өз ара аракеттенүүнү чыңдоого бекем негиз түзөрүн белгиледи.

Садыр Жапаров конференция 24 жылдан бери коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуунун жана профессионалдык көйгөйлөрдүн кеңири спектрин талкуулоонун, тажрыйба алмашуунун, коопсуздук жаатында кызматташуунун эң натыйжалуу моделдерин иштеп чыгуу үчүн зарыл аянтча болуп калганын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгышта жана Афганстанда айрым мамлекеттердин бүтүндүгүнө коркунуч туудурган жана бул аймактардын чектеринен да алыска жайылып кетүү коркунучу бар масштабга жеткен террордук аракеттердин күчөшү биздин кызматтардан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бул коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөштө ырааттуу жана системдүү иш, биргелешкен жана координацияланган күч-аракеттер аркылуу гана олуттуу натыйжаларга жетишүүгө болору ырас”, - деди президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей жаңы заман көйгөйлөрдү чечүүдө, чакырыктарды жана коркунучтарды жоюуда жаңы мамилени талап кылат.

“Ушуга байланыштуу бул аянтчанын мазмундуу жана конструктивдүү талкуулары түрк тилдүү мейкиндикте коопсуздукту камсыздоого олуттуу салым кошот деп ишенем. Ошол эле учурда Конференцияга катышкан мамлекеттердин атайын кызматтарынын тыгыз өз ара аракеттенүүсү биздин өлкөлөрдөгү коопсуздукту бекемдеп, эл аралык терроризмге, экстремизмге жана башка глобалдык көйгөйлөргө каршы натыйжалуу күрөшкө көмөктөшөт”, - деди Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап боордош түрк элдери менен бул баалуулуктардын негизинде жемиштүү иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Маалымдама: 1998-жылдын 20-майында Стамбул шаарында Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын атайын кызматтары Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын конференциясын түзүү жөнүндө Протоколго кол коюшкан (ТҮРКОН). 2018-жылдан тарта Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы ТҮРКОНго мүчө.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Али Наги оглы Нагиев, Азербайжан Республикасынын Тышкы чалгындоо кызматынын жетекчисинин орун басары Самир Вугар оглу Исмайлов, Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Ермек Сагимбаев, Түркия Республикасынын Улуттук чалгындоо уюмунун директору Хакан Фидан жана Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов катышты.

Пикир

Оставить комментарий