• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Садыр Жапаров тынчтык орнотуучу күчтөрдү Казакстанга жөнөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 07.01.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аскердик контингентин Казакстан Республикасынын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти Казакстан Республикасынын аймагына кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында убактысы чектелген мезгилге тынчтык сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү токтом кылынат.

Президент Садыр Жапаров аны менен катар Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2022-жылдын 6-январындагы чечимин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-январындагы токтомун, «Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, «Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүг үн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 70-беренелерин эске алды.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңеши Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкө суверенитетине коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде Казакстан Республикасына тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Казакстан Республикасынын аймагында кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу максатында тынчтыкты орнотуу иш-чараларына катышуу үчүн жамааттык күчтөрдүн курамында Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жиберүүгө уруксат берди.

Пикир

Оставить комментарий