• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Президент Ульф Кристерссонду Швециянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 03.11.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ульф Кристерссонду Швеция Падышачылыгынын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасы менен Швеция Падышачылыгынын ортосундагы мамилелер өз ара кызыкчылыкка негизделген бардык тармактарда мындан ары бекемдеп, өнүгө берет деп терең ишенем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Ульф Кристерссонго чың ден соолук жана мамлекеттик ишине зор ийгиликтерди, ал эми Швеция элине бейпилдик жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий