• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров улуттук коопсуздук органынын жаңы имаратынын ачылышына катышты

Президент 0


Бишек, 03.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, улуттук коопсуздук органынын жаңы имаратын салтанаттуу түрдө ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров иш-чарага чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, учурда мамлекетти өнүктүрүү менен катар өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Улуттук коопсуздук органынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоого, чекисттердин кызмат өтөөсүнө зарыл шарттарды түзүүгө, алардын айлык акыларын жогорулатууга жана турак жай менен камсыз кылууга зарыл болгон бардык иш-аракеттер аткарылып жатканын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жакынкы келечекте бул имаратта өлкө коопсуздугун камсыз кылуу жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо, ошондой эле республикадагы коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, аскердик-стратегиялык жана башка тармактар боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алуу жаатында ийгиликтүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлөрүнө терең ишенерин билдирди.

Садыр Жапаров өз сөзүндө улуттук коопсуздук органынын легендарлуу ардагерлери менен тажрыйбалуу кызматкерлеринин жаш кызматкерлерди тарбиялоодогу ордун баса белгилеп, алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда алардын адистик чеберчилиги өзгөчө мааниге ээ экендигине токтолду.

Президент Садыр Жапаров Сирия, Афганистан жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын активдешүүсү, алардын жашыруун топторунун Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагында тамыр жайышы, өлкө мыйзамдарына каршы келген идеологиялык саясатынын күч алышы биздин атайын кызматтардан, укук коргоо жана күч органдарынан сактыкты, ар кандай кырдаалдарга даяр болуу менен жогорку тажрыйбаны колдонуу аркылуу ыкчам иш-чараларды кынтыктсыз жүргүзүү зарылдыгын талап кыларын кошумчалады.

Мамлекет башчысы андан ары улуттук коопсуздук органынын имаратын, жаңы иш кабинеттерин көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий