• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды

Президент 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин үйүнө барып, андан кабар алды.

Мамлекет башчы ардагерди 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктап, ага узун өмүр, чың ден соолук каалады.

Президент согуштун катышуучулары кармаш талаасында эбегейсиз эрдикти жана баатырдыкты көрсөткөнүн, анын аркасында алардын урпактары тынчтыкта ​​жана бейпилдикте жашап жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров ардагер жана анын үй-бүлө мүчөлөрү менен чай үстүндө баарлашып, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөргө токтолуп, негизинен социалдык кызматкерлерди колдоого мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, маселен, алардын эмгек акысы бир топ жогорулаганын белгиледи.

Президент ошондой эле өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгы жана техникалык жактан камсыз болушу жогорулаганын белгиледи.

Аспек Жумашев өзүнүн өмүр жолу, согуш жылдары тууралуу, Ленинград блокадасын бузууга катышканын айтып берди. Ал 18 жашында, 1942-жылдын сентябрында Кызыл Армиянын катарына чакырылганын билдирди.

Ата Мекендик согуштун 3-даражадагы ордени, “Германияны жеңгендиги үчүн” медалы күжүрмөн сыйлыктары бар.

Маектин соңунда ардагер Садыр Жапаровго ден соолук, мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана бейпил жашоо каалап, ак батасын берди.

Пикир

Оставить комментарий