• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров уулунун тажыясына катышат

Коом 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. Абакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров каза болгон уулун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуусу үчүн кое берилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кызматтан белгилешкендей, алар Жапаровдун жактоочусунун, мурдагы депутаттын жол кырсыгынан улам көз жумган уулунун зыйнатына катышуусуна уруксат берүү тууралуу суранычын карап чыгышкан.

"Жазык-аткаруу тутумундагы органдардын ишинде көрсөтүлүүчү адамгерчилик принциптеринин негизинде С. Жапаровго баласын акыркы сапарга узатууга катышуусуна уруксат берүү чечими кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий