• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда, Түркия Республикасынын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) аянтчасында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүү өткөрдү.

Кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды. Ошондой эле ТМКК саммитинин күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстан Венгрия менен кызматташтыкты жогору бааларын белгилеп, 2022-жылы кыргыз-венгер дипломатиялык мамилелеринин орношуна 30 жыл толорун эске салды.

Президент эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жаткан кыргыз-венгер кызматташтыгынын деңгээлине канааттанусун белгилеп, экономикалык чөйрөдө кызматташуу үчүн чоң потенциал бар экенин билдирди.

Садыр Жапаров Виктор Орбанды Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырып жана Кыргызстандын төрагалыгында Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин экинчи отурумун өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Виктор Орбан Венгрия Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, кыргыз-венгер кызматташтыгын эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Венгриянын премьер-министри Кыргыз-Венгер инвестициялык өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы азырынча аз экенин, бирок биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жакшы колдоо болорун баса белгиледи. Анын айтымында, Венгрия кыргызстандык жана венгриялык ишкерлерди колдоо үчүн фонддун уставдык капиталын көбөйтүүгө даяр.

Виктор Орбан ошондой эле Венгрия кыргыз тараптын БУУнун алкагында көтөрүлгөн демилгелерин жана сунуштарын колдой турганын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар оң натыйжаларды, атап айтканда, соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын жемиштүү ишин, кыргыз-венгер ишкерлер кеңешинин ишмердигин белгилешти.

Билим берүү тармагындагы кызматташууга токтолгон Садыр Жапаров менен Виктор Орбан Венгриянын ЖОЖда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер эки элдин жакындашуусуна көпүрө болору боюнча пикирлерин билдиришти.

Кыргызстандын президенти менен Венгриянын премьер-министри ошондой эле эки өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн активдүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий