• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Венгриянын президенти Каталин Новак менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 13.02.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда расмий сапарынын алкагында Венгриянын президенти Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Жолугушуу президенттик резиденцияда – Будапешт шаарындагы Шандора сарайында өттү.

Расмий сүрөткө түшүү аземинен кийин Садыр Жапаров ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Андан соң Садыр Жапаров менен Каталин Новак жекеме-жеке форматтагы сүйлөшүү залына өтүп, андан соң кеңейтилген курамда жолугушуу болуп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Президент Каталин Новак Садыр Жапаровго Венгрияга сапар менен келгени үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташтыкты тереңдетүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Каталин Новак сүйлөшүүлөрдүн алкагында бир катар документтерге кол коюу эки тараптуу мамилелердин келечеги үчүн жакшы түрткү болорун баса белгилеп, ошондой эле бир катар тармактарда практикалык кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ал эки элдин маданий окшоштугунан улам өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде болот, деп билдирди.

Садыр Жапаров Каталин Новакка кыргыз делегациясына көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал кыргыз менен венгер элдери боордош экенин, Кыргызстан үчүн Венгрия аркылуу Европага эшик ачылып жатканын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Венгрия жана Европа өлкөлөрү менен саясий-экономикалык багытта кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ал Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы саясий кызматташтыктын деңгээлин жогору баалап, ошондой эле Венгер-кыргыз өнүктүрүү фондунун активдүү ишин белгиледи.

Ошону менен бирге ал өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди бекемдөөгө олуттуу потенциал бар экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Каталин Новакты ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий