• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алуудагы мугалимдерден кабар алды

Билим 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылындагы мугалимдердин “Санат” ден соолукту чыңдоо борбору менен таанышып, эс алуудагы мугалимдерден кабар алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда мамлекет башчы билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бөлүнүп, бул жаатта эмгектенгендердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга басым жасалып жатканын белгиледи. Алсак, аталган пансионатка 1000 орундуу корпус кошумча куруу менен, ден соолукту чыңдоо жайынын инфратүзүмүн жакшыртуу, потенциалын толук кандуу пайдалануу боюнча бардык мүмкүнчүлүктөр колдонуларын айтты.

Эс алуудагы мугалимдер жана пансионаттын коноктору өлкө башчы менен баарлашып, билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө кубанып жаткандыктарын билдиришти. Өз кезегинде президент агартуу тармагы мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты катары кала берерин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий