• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын ижарага берилишине байланыштуу комментарий берди

Президент 0

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине кыскача маек берип, анда Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга ижарага берилишине байланыштуу суроого жооп берди.

— Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын 49 жылга ижарага берилишине социалдык тармактардын колдонуучулары нааразычылыгын билдирип жатышат. "5-10 жылга деле бербейт беле? 49 жыл өтө узак. Эгемендүүлүк эмне болот. Кемпир-Абад кетти. Эми 4 пансионат",- дегендер бар. Ушул маселе боюнча кененирээк маалымат бере аласызбы?

— 4 пансионат боюнча кеп мындай. 2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда мен ачыгын айтайын, популисттик кылып эле алып койгон. Архивдик кагаздарды окуп чыгып, келечегин жакшылап карап, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Тагыраак айтсам, эл аралык соттон утулбай турган болсок анан алып койсо болмок.

Ошол эле жылы өзбек тарап Вашингтонго эл аралык сотко 65 миллион долларга доо арыз бериптир. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка кат жөнөткөн экен: "Тынчтык жолу менен чечели, силерге 4 пансионатты кайра берели, силер эл аралык соттон доо арызыңарды алып койгула",- деп. Алар алган эмес. Кечээ жакында, май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллиондон ашыгыраак доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз эки жак келишип, "Анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула" деп келиштик. Ал пансионаттардын ахывалын көрсөңөр аткана. Биз өзүбүз жакынкы 15-20 жылда ал пансионаттарга бир тыйын сала албайбыз. Башка жыртык-тешиктерибизди бүтөй албай жатып ал пансионаттарга кайдагы акча.

Ал 4 пансионатты саталы десек 40 миллионго эмес 4 миллион долларга эч ким сатып албайт. Ал эми 5-10 жылга бербейлиби деген бул түркөйлүк. 4-5 жылдыздуу жатаканаларды куруп бүткүчө эле 5-10 жыл кетет. Анан кайсы мамлекет короткон акчасын актабай туруп биз үчүн куруп бермек эле. "Кемпир-Абад" кетти" дегендер же сабатсыздар, акылсыздар же ичи кир адамдар. Кемпир-Абад кеткен жок. Келди. Мындан ары 50/50 башкарабыз деп 50 пайызын алып койдук. Мурда 50 пайыз эмес, 50 метр жакын жолой албайт элеңер го? Же калппы? Биз ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимибиз үчүн 50 жылдан кийин дагы бетибиз кызарбай жооп берүүгө даярбыз. Ар бир жасаган ишибиз мамлекет үчүн, эл үчүн гана болот. Андыктан кайсы бир сайттар, кимдир бирөөлөр кайсы бир иште резонанс жараткылары келсе андайларга көңүл бурбагыла.

— Кайсы бир сайттар демекчи сиздин саясатыңызга каршы 5-6 сайт бар эмеспи. Жасалып жаткан жакшы иштерди деле жаман жакка бурмалап жазышат. Алар эмне үчүн сизге каршы? Айтайын дегеним сизге чейинки бийликтегилерди мактап эле жазып жүрүшчү эле?

— Так кесе эле жооп берейин. Мурда ошолордун баары "Кумтөр", "Мегаком", аэропорттон акча алып турушкан. Мен бийликке келерим менен токтотуп койгом. Эмне үчүн жеке сайттарды мамлекеттик ишканалар багыш керек? Алды 20 миллион сом, арты 2-3 миллион сомдон жылына алышчу экен. Элдин, мамлекеттин акчасы эл үчүн иштеш керек деп кесип салгам. Ошол күндөн ушул күнгө чейин алардын баары мени жек көрүшөт. Ошол үчүн жакшылык иштерди көрүшсө дагы көргүлөрү келбейт. Мен аларга көңүл деле бурбайм.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий