• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү туризм тармагындагы ишканалардын коопсуздугун камсыздоо тапшырмасын берди

Өкмөт 0

Бишкек, 13.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министи Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Улан Ниязбековго Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын, санаторийлердин жана пансионаттардын сакталышын камсыздоо боюнча тыкыр чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайлардын жана пансионаттардын ээлерине белгисиз жарандар келип, акча каражаттарын опузалап коркутуу аркылуу алып жаткандыгы тууралуу маалымат пайда болгон. Макул болбогон учурда, пансионаттарды өрттөп, денеге залал келтирүү коркутуулары болгондугу айтылат. Мындай окуялар жеринде токтотулушу керек. Курорттук аймактагы башка жактардын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу аракеттерине жана анда иштеген ишкерлерден опузалап акча талап кылууга жол берилбейт», - деп баса белгиледи ал.

Өкмөт башчы кыска мөөнөттө түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгып, мындан ары бул сыяктуу аракеттерге чек коюу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий