• 84.79
  • 95.75
  • 1.15

Садыр Жапаров өзүнүн сүрөтүн кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт

Президент 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз-катчысы Галина Байтерек Мамлекет башчысынын сүрөтүн илүү маселеси боюнча комментарий берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Ал баардыгы кабинеттерге, мамлекеттик мекемелердин имараттарына элдин биримдигин жана мамлекеттик бийликти туюнтуу максатында өлкө Президентинин портретин илип алганга көнүп калышкандыгын белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров „жарандарыбыздын турмушун жакшыртуу жаатында азырынча эч нерсе жасай элекмин“ деп эсептейт. Андыктан, ал мамлекеттик бийликтин бардык органдарына анын портретин кабинеттерге жана административдик имараттарга илбөөнү сунуштайт. Президент Садыр Жапаровдун пикиринде, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сүрөттөрүн илүү максатка ылайык келет», — деп белгилейт Галина Байтерек.

Пикир

Оставить комментарий