• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров өзүнүн жана Ташиевдин уулунун Баткенде жүргөн сүрөттөрү боюнча айтты

Президент 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде өзүнүн жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун Баткенде жүргөн сүрөттөрү боюнча айтып берди.

“Рустам менен Тай-Мурас пиар кылгыдай, бийликке жетпей жүргөндөрдөн эмес, эптеп элге көрүнө калып, эртең депутат же президенттикти алалы дегидей. Жөн гана: “Силердин карапайым балдардан эмнеңер кем? Баргыла, алдыда жүргүлө. Аскерлердин кем-карчы болсо, так маалыматты бизге жеткирип тургула”, - деп биз өзүбүз жибердик. Барышты, колдорунан келген жардамдарын берип жүрүшөт”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий