• 84.45
  • 88.02
  • 1.37

Садыр Жапаров Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун элесин эскерди

405 кароо Президент 0


Бишкек, 14.09.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Өзбекстан Республикасынын биринчи президенти Ислам Каримовдун элесин эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров Самарканд шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 22-жыйынына катышуу үчүн келип, Ислам Каримовдун күмбөзү жайгашкан “Хазрати Хизр” комплексине барды.

Мамлекет башчысы Өзбекстандын биринчи президентинин мүрзөсүнө гүл коюп, куран окулду.

Хазрат Хизр мечити ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Самарканддагы уникалдуу байыркы эстелик болуп саналат. 2016-жылы мечиттин жанына Ислам Каримовдун сөөгү коюлган.

Пикир

Оставить комментарий