• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды

Президент 0

Бишкек, 13.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта, өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө мезгилдер өтүп, замандын өзгөрүшү менен жаратылыш, табият да бир топ өзгөрүүлөргө учурап жатканына дүйнө жүзү күбө болуп жатканын белгиледи. Жер жүзүндө жаратылыш кубулуштарынын, табият кырсыктарынын же өзгөчө кырдаалдардын саны өстү, алкагы кеңейди.

«Глобалдык шарттар, климаттын кескин өзгөрүшү күтүүсүз табигый жана техногендик кырсыктарга алып келүүдө. Мунун баары бизден жаратылыш кырсыктарын, мүмкүн болгон башка тобокелдиктерди алдын алууга, кесепеттерин жоюуга колдо болгон күч-аракетерди арттырууну, көбөйтүүнү, жаңылоону талап кылат.

Өрт коркунучу, сел, жер көчүү, жол кырсыктарынан, химиялык, инженердик, медициналык жана башка кооптуу жагдайлардан улам кырдаал андан бетер татаалдашып, адам өмүрүн алып кеткен өтө кейиштүү учурлар да болбой койбойт», - деди Садыр Жапаров.

Президент адам өмүрүнөн өткөн байлык жок экенин баса белгиледи. Эң негизгиси адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларды башка мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактоо милдетин аткаруу , ошол эле учурда кандай гана кырсык болбосун, шашылыш жардамга муктаждык жана тез чара көрүү - ар бир мүнөт маанилүү экенин билдирди.

«Кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу - кечиктирилгис зарылчылык. Мындай шартта бизде адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап, кубаттуу техника жана каражаттар болушу керек.

Зарыл болсо, заманбап технологиялар жардам жана тез жооп жардам берүү үчүн колдонулат. Демек, мунун баары тез арада тиешелүү чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Албетте, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзүлгөндөн бери көрүлгөн профилактикалык иш-чаралар миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, көптөгөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга шарт түздү.

Куткаруучулар өз милдеттерин татыктуу аткарып, эл аралык гуманитардык операцияларда чоң тажрыйбага ээ болушту. Бирок учурдун талабына ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык потенциалын чыңдап, атайын инженердик жабдуулардын, коммуникациялардын жаңы үлгүлөрү менен камсыз кылуу эбак эле артта калды. Куткаруучуларыбызды заманбап кубаттуу техникалар менен камсыз кылуу мамлекеттин кубаттуулугун көрсөтөт, элдин бийликке болгон ишенимин арттырат, ар кандай кырсыктарда куткаруу кызматын күтүп жаткан жарандардын ажатын ачып, өмүрлөрүн сактап калууда. Биз бул жагдайды жакшы билебиз жана анын үстүндө иштеп жатабыз», - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Ал бир жыл мурун куткаруучулар заманбап өрт өчүрүүчү машиналар жана атайын инженердик оор техникалар менен камсыз болгондугун эске салды.

«Бүгүн болсо эгемендүүлүккө ээ болгондон бери алынбаган тик учак жана 34 даана атайын техникалар биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 384 миллион 140 миң сомго сатылып алынды.

Ошондой эле ушул жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 752 миллион 212 миң сомго дагы 1 тик учак сатып алуу планыбызда бар.

Мындан сырткары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 долларга 10 даана жол тандабас пикап автоунаалары, 1 даана кичи автобус, 11 даана инженердик оор техникалар алынды.

Мунун баары – мамлекеттин жүзү, күчү, кубаты!

Тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-аракеттери муну менен эле токтоп калбайт, бул багыттагы иштерди мындан ары да улантабыз!», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге табигый кырсык же кооптуу кырдаал учурунда кандай аракеттерди көрүү керектиги боюнча кеңири маалымат берүү, жарандардын өзүн коргоо жөндөмдүүлүгү үчүн абдан пайдалуу экенин белгилеп, буга байланыштуу коомдун бардык катмарлары үчүн жеткиликтүү болгон өзгөчө кырдаалда кандайча аракеттенүү керектигин окутуу сабактарын сунуштады.

Президент Садыр Жапаров өлкөдө эч качан кырсык-апааттар болбосун, инженердик жана атайын техникалар жарандардын жыргалчылыгы үчүн пайдаланылышын каалады.

Мамлекет башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аэродромунун кампасын жана административдик имаратын, жабдуулар жана курама мобилдик үйлөр менен таанышты. Ошондой эле президент Садыр Жапаровго жана иш-чаранын катышуучуларына Airbus H-125 көп максаттуу тик учагынын учуу мүмкүнчүлүктөрү да көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий