• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Садыр Жапаров жаңы министрлерден милдеттерин так жана натыйжалуу аткарууну талап кылды

Президент 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында, өлкөнүн жаңы министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүүсүндө сөз сүйлөдү.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын сөзүндө мындай деп айтылат:

“Урматтуу депутаттар, биринчиден, “Министрлер Кабинети жөнүндө” мыйзамды кабыл алып бергениңиздер үчүн сиздерге ыракматымды айтамын. Экинчиден, менин сунушумду колдоп Өкмөттүн курамына макулдук бергениңиздер үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Муну менен үстүбүздөгү жылдын апрелинде жалпы элдик добуш берүү аркылуу кабыл алынган Башмыйзамыбыздын толук кандуу иштеп баштоосуна жол ачып бердиңиздер.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана мүчөлөрү, жаңы жооптуу кызматка дайындалышыңыздар менен куттуктайм. Ошол эле учурда сиздердин алдыңыздарда элдин жүгүн аркалап, калктын үмүтүн актоо милдети тургандыгын баса белгилеп кетейин. Мамлекетибиздин, элибиздин келечеги үчүн жан үрөп, талыкпай, тынымсыз иш алып барасыздар деген ишеничим бар. Сиздердин алдыңыздарда олуттуу жана тез арада чече турган бир катар тапшырмалар турат.

«Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт» дегендей, астыбызда кыш келе жатат.

Министрлер Кабинети, элдин камын көрүп, даярдык иштерин активдүү улантыңыздар!

“Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа” дегендей, сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр коомчулук менен бирге Мамлекет башчысы катары менин дагы тыкыр көзөмөлүмдө болорун эсиңиздерге сала кетейин.

Ошондуктан ар бириңер мамлекеттик кызыкчылыкты бийик тутуп, өзүңөргө жүктөлгөн тиешелүү иш-милдеттерди таза, так, ыкчам аткарышыңыздар зарыл.

Бул ирет элдин бийликке болгон ишенимин кайтарып берели!

Күнү-түнү иштеп, мамлекетти оор абалдан алып чыгууга татыктуу салым кошуу сиздердин өлкө алдындагы адамдык дагы, жетекчилик дагы милдетиңиздер!

Мындан ары талаптар катуу болот. Жарандардын кайрылуулары жоопсуз калбай, оң жагына, ыкчам чечилүүгө тийиш.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү элдин жашоосу менен жакындан тааныш болушу керек!

Элге жакын болуп, аймактардагы көйгөйлөрдү жатка билишиңиздер зарыл.

Ошону менен бирге аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун, өзүңүздөр да билгениңиздерди сунуштаңыздар!

Жалпы министрликтер мыйзам чыгаруу органы болгон Жогорку Кеңеш жана башка аткаруу органдарынын жетекчилери, аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - айыл өкмөттөрдүн башчылары менен тыгыз иштешүүнү талап кылам.

Мурдагыдай жогорудан буйрук берип коюп күтүп отурмай, статистикалык маалыматтарды чогултмай, аймактарга же түзүмдүк бөлүмдөргө дүжүр жоопторду берип коюп, маселени натыйжалуу чечпей, бюрократиялык кылып, эптеп кутулмай көрүнүштөр жоюлушу кажет.

Мындай министрлер дароо кызматтан алынасыңар!

Урматтуу эл өкүлдөрү!

Министрлер Кабинетинин жаңы курамы жана Президенттик Администрациянын түзүмү толук куралып бүттү. Жаңы курам сиздер менен макулдашылды. Буга чейин да айтып келгем, бул ирет да айтып кетейин. Мен былтыр чоң жоопкерчиликти мойнума алгам. Мен ал жоопкерчиликтен качпаймын жана алган багытымдан кайтпаймын. Эл мага таянса, мен элиме таянам. Элдин мүдөөсү менен жаңы Башмыйзамды кабыл алганбыз. Иштөө үчүн бардык эми шарттар түзүлдү. Эми элдин жашоосун мындан ары жакшыртып, экономикабызды барган сайын көтөрүү ниетинде болушубуз керек.

Эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болгон жаңы команда жаңы дем, жаңы күч менен жигердүү иштөөсү зарыл. Бири-бирибизди сындап отура турган мезгил өттү. Азыр баарыбыз башыбызды бириктирип, чогуу-чаран кеңешип, мамлекетти өнүктүрүүгө гана багыт алышыбыз абзел. “Кетмен чаппай нан кайда?” дегендей, ар бирибиз күжүрмөн эмгегибиз менен гана ийгиликке жетише алабыз.

Азыр ар бир мүнөтүбүз, ар бир саатыбыз баалуу, убакытты текке кетирбейли. Кылган ар бир ишибиз жыйынтык алып келүүгө багытталышы керек.

Ишиңиздерге дагы бир жолу ийгилик каалаймын! Эл үчүн, мамлекет үчүн ак кызматыңыздарды арттыра бериңиздер!

Кудай буюрса, бул Өкмөт туруктуу иштейт деп ишенем. Мүмкүн болушунча узак убакыт иштеш керек деген ойдомун.

Анткени, эгемендик алган 30 жыл ичинде 35ке жакын Өкмөт алмашып кетти. Бул – ар бир өкмөттүн иши алдыга жылбай, бир эле ордунда турду дегенди билдирет. Анткени ар бир Өкмөт экономикалык, социалдык программаларын даярдап бүтүп, иштеп баштайын дегенде алмашып кетип жатышты. Ошондуктан биз февраль айынан бери экономикалык жана башка бардык тармактар боюнча 5 жылдык программабызды даярдап бүтүп, кечээ күнү жарлык менен бекиттим жана дароо эле Өкмөттүн жаңы курамына ушул программаны ишке ашыруу милдетин жүктөп, сиздерге макулдук берүүгө жөнөттүм. Колдоп бергениңиздер үчүн дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирем.

Учурдан пайдаланып, дагы бир нерсе айта кетейин. Алдыда парламенттик шайлоо келе жатат. Көпчүлүгүңүздөр кайрадан шайлоого катышып жатасыздар. Кай бириңиздер партия менен, кай бириңиздер бир мандаттуу аймактардан. Менин сиздерден суранаарым, келиңиздер, шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү. Талапкерлер, партиялар сиздер тараптан добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет.

21-октябрь күнү ушул темада республикалык кеңешме өткөрүп жатам. Айыл өкмөт башчыларынан тартып, Өкмөт башчысына чейин бардык жетекчилер катышат, чакырылгандар арасында сиздер да барсыздар. Шайлоого катышып жаткан партия башчылары дагы бар. Ошол жерде бардык мамлекеттик структуралык жетекчилерге шайлоону таза жана так өткөрүү боюнча катуу тапшырма берем.

Мурдагыдай мугалим, врач, айыл өкмөт, аким жана башка мамлекеттик кызматта иштегендер кайсы бир талапкерге үгүт жүргүзүшүнө бөгөт коебуз. Түп-тамырынан андай аракеттерди кыркабыз.

Бул жолу элдин эркин тандоосун камсыздоого аракет кылабыз. Эгер кайсы бир мамлекеттик кызматкер шайлоого аралашып же кайсы бир талапкерге иштеп жүргөнү аныкталса, кызматтан алып эле тим болбостон, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн жазага тартабыз.

Мамлекеттик кызматкерлер шайлоого аралашпастан, тескерисинче, шайлоону максималдуу түрдө таза, так, ачык өткөрүп берүүгө милдеттүү.

Ал эми элдин добушун сатып алам дегендерге жалпы элдин, таза талапкерлер менен таза партиялардын жардамы керек болот. Сатып алам дегендерди колго чабышыңар керек. Анткени эл баарын көрүп, билип турасыздар.

Ошондуктан бул шайлоону таза өтүшүнө жапа тырмак жардам бериңиздер!

Сөзүмдүн аягында сиздерден дагы бир нерсе суранаарым, урматтуу депутаттар!

Трибунага чыгып бир нерсе сүйлөөрдө чын-аныгын аныктап алып анан сүйлөсөңүздөр деген суранычым бар. Сиздер эл өкүлүсүздөр, сиздердин ар бир сүйлөгөн сөзүңүздөрдү эл салмактуу кабыл алат.

Мен кечээ жакында концентраттар жөнүндө маселе көтөргөн депутат Аккулу Бердиев жөнүндө айтып жатам.

17 фура алтын чыгып кетти деп элдин баарын дүрбөттү. Алтын аралашмасы бар концентраттар кечээ эле чыгып жаткан жок. Жыйырма жылдан бери чыгып жатат. Албетте, мыйзамдын негизинде. Андан салыктар түшүп жатат. Бүгүнкү күндө 3,5-4 млрд сомго чейин салык түшүп жатат. Албетте, бул сумманы көп, бул бизди багып жатат дегенден алыспыз. Ошондуктан жакында көрүлчү чараларды даярдап жатабыз. Же салыгын көтөрөбүз, же Кыргызстандын аймагында кайра иштеп чыгууну караган мыйзам долбоорун киргизебиз. Жөн отурган жокпуз.

Менин айтайын дегеним, урматтуу депутаттар, азыр баары ачык. Эч ким бир нерсе жашырып иш кыла албайт. Кыргызстан кичинекей. Бардыгы алаканга салынгандай көрүнүп турат. Ошол үчүн салмактуу маселе көтөрөр алдында депутат катары биринчи текшерип келип, чын-аныгын билип алып, андан кийин анан трибунага чыксаңыздар жакшы болот эле. Анткени сиздер депутатсыздар. Кайсыл жерге болсо барып текшергенге укугуңуздар бар, комиссия түзүүгө укугуңуздар бар. Биринчи чын-аныгын тактап алып туруп анан келип айтса, бул далилдүү болсо, элге да ишенимдүү болот. Мен деле депутат болгом. Бирок бир да жерден далилсиз “баланча мындай дейт” деп сөз сүйлөчү эмесмин. Качан тактап алып, өзүм жүз пайыз ишенгенден кийин анан алып чыкчу элем трибунага. Бизге тынчтык керек.

Урматтуу депутаттар! Урматтуу Министрлер Кабинети!

Бир багытты, бир максатты – өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсүн, мамлекетибиздин эгемендигин чыңдоону көздөгөн ишибизде бири-бирибизди колдойлу. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара” ынтымакта иш алпарсак, ошондо жаркын келечекке, жакшы күндөргө жетебиз.

Кыргызстаныбыз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулсун! Элибиз бейпил турмушта жашасын! Бул үчүн болгон күч-аракетибизди аябайлы!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”.

Пикир

Оставить комментарий