• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Садыр Жапаров: Жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд доллар киреше алабыз

Президент 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. "Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда", - деп билдирди президент Садыр Жапаров өлкө элине жасаган кайрылуусунда.

Президенттин айтуусуна караганда, адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд доллар киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160дан баштап 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо.

"Мен тастыкталган эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр да бар. Азырынча ал жөнүндө кененирээк токтолбой эле турайын. Айтайын дегеним, Кумтөрдүн чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат.

Учурда тышкы карыздарды кайтаруунун убактысы жетип, жылына ири өлчөмдөгү каражатты төлөөнүн мезгили келгенин билесиздер. Бүгүн белгилей кетчү жагдай, Кумтөрдү көзөмөлүбүзгө алган соң эми тышкы карызды төлөө маселесинде өзүбүздү ишенимдүү сезип, жеңилденип калдык", - деди өлкө башчы.

Пикир

Оставить комментарий