• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров: Жаштар өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу болуп саналат

Президент 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Жаштар өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн “Балдарга менен жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын катышуучуларын сыйлоо аземинде КР президенти Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, коомдо жаштардын ролу абдан маанилүү. Жаштар өлкөнүн стратегиялык ресурсу болуп саналат. Анткени аларсоциалдык-экономикалык, гуманитардык, чыгармачылык жана илимий багытта чоң мүмкүнчүлүккө ээ. “Жаштар келечектин ээси. Келечек силерге таандык. Сиздердин ар бир кадамыңыздар – жаркын келечекти курууга жасалган кадам”,-деди мамлекет башчысы.

“Сиздер өлкөнүн учурдагы көйгөйлөрүнө жана аларды чечүү үчүн көрүлүп жаткан чечимдерге көңүл кош карабашыңыздар керек. Биз өлкөнүн өнүгүүсүнө активдүү жаштарды тартуу керектигин жакшы билебиз. Азыр бул жерде отургандардын бары – өлкөнү өнүктүрүүнүн ачкычы”,-деди Жапаров.

Президент 18 шаар катышкан бүгүнкү “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагы абдан жакшы долбоорлор экенин белгиледи. “Бардык тиешелүү мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар өлкөнү өнүктүрүү боюнча бардык конструктивдүү сунуштарды колдоого даяр”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий