• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Жашыл климаттык фонддун аткаруучу директору менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2- ноябрда, Глазго шаарында Жашыл климаттык фонддун аткаруучу директору Янник Глемарик менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери, атап айтканда, келечекте азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарба тармагындагы актуалдуу долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Мамлекет башчысы акыркы бир нече жылдарда курч көйгөйлөр болуп мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши, суу ресурстарынын азайышы, кургакчылык, айыл чарбасында түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, табигый кырсыктардын жана транспорттук эмиссиялардын жана башкаларга өзгөчө басым жасады.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы жакында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки улуттук салымы» Париж келишимин колдойт.

Климаттык инвестициялык программасы жана климаттык каржылоо боюнча борбор бар. Кыргызстан климаттын өзгөрүүсүн жумшартууга жана ыңгайлашууга керектүү чыгымдарды тиешелүү түрдө дээрлик 7 миллиард АКШ доллары жана 3 миллиард АКШ доллары деп баалады.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Жашыл климаттык фонддун ишмердүүлүгүн колдой турганын жана долбоордук кызматташууга оң баа берерин билдирди. Ал белгилегендей, жалпы суммасы 3,4 миллион АКШ долларын түзгөн үч максаттуу программа экономиканын ар кандай чөйрөлөрүндө ыңгайлашуу чараларын иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга жардам берет.

Мамлекет башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана башкалар сыяктуу Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери катышкан ыңгайлашуу долбоорлору боюнча Жашыл климаттык фонд менен кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнү жактай тургандыгын баса белгиледи.

Садыр Жапаров буга байланыштуу Кыргызстан фонддун азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарбасы чөйрөсүндө жалпы суммасы 38,6 миллион АКШ долларын түзгөн эки жаңы долбоорду бекиткендигин кубаттай тургандыгын белгиледи.

Аны менен бирге президент Глазгодон кийин өлкөнүн климатты каржылоо боюнча жаңы долбоорлорго өтүнмөлөрдү берүү ниетин маалымдады.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кыргызстандын адистерине максаттуу долбоорлорду даярдоодо эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүүнү жана Жашыл климаттык фондго өтүнмө берүүгө укугу бар кыргызстандык уюмдарды аккредитациялоону тездетүүнү фонддун бөлүмдөрүнө тапшыруу өтүнүчү менен кайрылды.

Янник Глемарик Кыргызстан Жашыл климаттык фонд менен кызматташууга ар дайым даяр жана ачык экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын сунушуна карата Янник Глемарик кызыктарлыгын билдирип, Фонд бир жылга грант түрүндө 1 миллион АКШ долларын бере ала турган үлгү бар экенин белгиледи.

Анын айтымында, бул каражатты кайсыл жакка багыттоону Кыргыз Республикасы өзү чечет, өз кезегинде ЖКФнын адистери керектүү колдоо жана кеңештерди берүүгө даяр.

Аккредитация тууралуу сөз кылып Янник Глемарик бул маселени кеңеш чечерин жана узак процесс экенин белгиледи. Бирок келерки жылы процедураны жөнөкөйлөтүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн жаңы механизм киргизилет.

Тараптар Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен ЖКФнын ортосундагы жаңы макулдашуунун долбоорун талкуулоону жана Кыргызстанда долбоорлоо иштеринде кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий