• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Жеңиш күнүндө: Аталарыбыздын, апаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдиктери эч качан эстен чыкпайт

Президент 0


Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

Мамлекет башчысы Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.

Ошол эле жерде президент Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлерине кайрылып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагерлери!
Ооруктун кадырлуу эмгекчилери!
Урматтуу мекендештер!

Быйыл Улуу Ата мекендик согуштагы улуу Жеңишке 77 жыл толду. Улуу Жеңиш – эрдиктин, каармандыктын жана кайраттуулуктун символу болуп калган бүткүл элдик майрам.

Сиздерди бүгүнкү Жеңиш майрамыңыздар менен чын ниетимден куттуктайм!

Бул күндө биз жыл сайын келечек муундун бейпил жашоосу үчүн Улуу Ата мекендик согуштагы кан майданда ажалга тике карап салгылашкан жана оорукта “бардыгы фронт үчүн!” деген ураан астында тыным албай эмгектенген аталарыбыздын, апаларыбыздын эстен кеткис эрдиги менен каармандыгын эскерип келебиз.

Биз, кийинки муун – кайсы убакта, кайсы жерде болбосун, кан майданда курман болгондорду эскерип, ардагерлерибиздин алдында башыбызды ийип, ооруктун эмгекчилерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бейпил турмуш, эркин жашоо, жаркын келечек үчүн кан төккөн ата-бабаларыбызга ар убак милдеттүү экендигибизди унутууга акыбыз жок!

Урматтуу мекендештер!

Улуу Жеңишке жетүүдө биздин аталарыбыздын, апаларыбыздын салымы зор деп башыбызды бийик көтөрүп, сыймыктануу менен айта алабыз. Алардын өлбөс-өчпөс эрдиктери атуулдук ар-намыстын эң жогорку үлгүсү катары эч качан эстен чыкпайт.

Кыргызстандык жоокерлердин даңазалуу эрдиктери жүрөгүбүздүн түпкүрүндө сакталат.

Улуу Ата мекендик согушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышып, алардын 150 миңден ашууну көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ошондой эле 22 жердешибиз “Даңк” орденинин толук кавалери, ал эми 77 мекендешибиз Советтер Союзунун Баатыры атагын күтүп, эң жогорку даражадагы сыйлыктарга арзыган.

Согуш деген согуш, тилекке каршы, 100 миңден ашуун жердешибиз кан майданда курман болуп, көптөрүнүн дайыны чыкпай калган. Анткен менен, канча мезгил өтсө дагы, ата-бабаларыбыздын бүткүл адамзатты фашизмдин туткунунан куткарып, өз өлкөсүнүн жана жер шарынын элдеринин бактысы үчүн курман болгондугун эч ким, эч качан унутпайт.

Тилекке каршы, жыл өткөн сайын кан күйгөн согушта ар бир демин Ата Мекенге арнап, бизге чыныгы Жеңишти тартуулаган ардагерлерибиздин катары суюлууда. Аларга майрам күнү гана көңүл бурбастан, дайыма кам көрүү – биздин милдетибиз!

Урматтуу согуштун жана ооруктун ардагерлери! Сиздердин фронттогу баатырдыгыңыздар, тылдагы кайратман эмгегиңиздер үчүн дагы бир жолу башымды ийип, таазим кылам!

Ден соолугуңуздар бекем болсун! Күүлүү-күчтүү болуп, арабызда аман болуңуздар!

Асманыбыз ачык, көңүлүбүз тынч болсун!

Кыргызстаныбызда ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн!”

Пикир

Оставить комментарий