• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Садыр Жапаров жергиликтүү жамааттарды кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 25.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы - жергиликтүү жамааттардын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

Урматтуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери!

Сиздерди майрамыңыздар - жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктайм!

Кыргыз Республикасында расмий түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы 1991-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” тарыхый мыйзамды кабыл алуу менен башталган.

Бул майрамды биз жылда мол түшүмдүү күз айларында белгилейбиз, себеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-мартындагы токтому менен ар жылдын октябрь айынын акыркы жекшембиси Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү жамааттарынын күнү” деп белгиленген.

Ошондон бери коомчулуктун кеңири катышуусу менен жергиликтүү иштерди башкаруунун жетишерлик эффективдүү системасы түзүлүп, элибиздин чыгаан уул-кыздарынын эмгегинин натыйжасында элдин ишенимин арттырып келүүдө.

Акыркы учурдагы коомдук саясий абал жалпы элибизден өзгөчө биримдикти, ынтымакты, тартиптүүлүктү талап кылат. Андан тышкары дүйнөнүн канча мамлекеттерин каптаган коронавирус илдети биздин өлкөгө да келип жетип, элибизге кыйынчылыктарды жаратты. Бул жагдайда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу чоң экендигин баса белгилеп кетүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан илдет менен күрөшүү багытында иштер уюштурулуп, коомдун алдыӊкы катарында күнү-түнү талыкпай жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери оор шарттарда тынбай иштеп, атуулдук парзын жана кызматын шартка ылайык так аткарып, ошону менен бирге айыл чарба иштери дагы толугу менен жүргүзүлдү.

Урматтуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, сиздер менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Өкмөт тарабынан региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү бийликти калкка жакын кылуу үчүн шарттар түзүлөт деп ишенебиз.

Бирок жаңы мезгил жаңы ойлорду талап кылат. Алардын бири мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын көтөрүп, коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдөн арылып, элибизге ак ниет кызмат кылуу.

Албетте, бул иштер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү жамааттардын, кеңири коомчулуктун аракеттери менен жүзөгө ашырыла турган иштер. Ошондуктан, бул иш чараларды аткарууда Сиздер четте калбайсыздар деп терең ишенем.

Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, Сиздерге мамлекетибиздин өнүгүүсүнө өлчөөсүз салым кошуп, элибиздин татыктуу жашоосуна шарт түзүп, сапаттуу кызмат көрсөтүп, жигердүү эмгектенип жатканыңыздарга ыраазычылык айтып, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу багытында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашыруу, муниципалитеттердин статусун жогорулатуу сыяктуу маселелер ар дайым Өкмөттүн кароосунда болорун маалымдап, баарыңыздарга бакубат турмушту, чың ден соолукту, үй-бүлөлүк бакыт-таалайды, иштериңиздерде албан ийгиликтерди мындан ары жарата берүүңүздөргө тилектеш экенимди билдирем.

Элибизде токчулук, молчулук болуп, жергебизде тынчтык орносун!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдетин аткаруучу,

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров

Пикир

Оставить комментарий