• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында криминал менен күрөшөрүн айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында криминал менен күрөшөрүн айтты.

КСДП партиясынын депутаты Дастан Бекешев Жапаровду Түштүк Африка Республикасынын мурунку президенти Нельсон Мандела менен салыштырды. Мандела дагы абакта отуруп, андан чыккандан кийин "караларды" (криминал) колдой баштаган. Бекешев буга байланыштуу Жапаров дагы "каралардын" (криминал) укугун коргобойбу деп сурады.

"Криминал түп тамыры менен жок болот. Ал менен катуу күрөшөбүз. Таза өнүккөн өлкөнү түзөлү жана сиздердин жардамыңыздар керек", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 10-октябрь күнү Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, анда Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлаган. Андан кийин өкмөттүн түзүмүн, курамын, программасын бекитүү тууралуу токтом президентке жөнөтүлгөн. Бирок 13-октябрь күнү президент 10-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворум болгон эмес деген жүйөө менен токтомду кайра артка кайтарган.

Пикир

Оставить комментарий