• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Садыр Жапаров жубайы менен шаардык кеңешке жана референдумга добуш берди

Президент 0


Бишкек, 11.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешке жана Конституция боюнча референдумга добуш берди.

Жапаров борбор калаадагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Президент шайлоо тилкесине жубайы Айгүл Жапарова менен келди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергеликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумга добуш берүү жүрүүдө. Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Кыргызстанда 28 шаардык кеңешке 796 депутат, 420 айылдык кеңешке 7 миң 560 депутат шайланат. Жергиликтүү кеңештерге добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 318 миң 130 жаран, референдумга добуш берүү үчүн тизмеге 3 млн 606 миң 201 жаран киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий