• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-19-декабрда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы бир катар объектилердин ачылыш аземине катышып, өнөр жай ишканаларынын иши жана жол курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров облустук клиникалык оорукананын мисалында облустагы медицинанын абалы менен таанышары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий