• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаровдун дарегине бир катар жаңы жылдык куттуктоолор келип түштү

Президент 0

Бишкек, 31.12.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун дарегине Жаңы жылга карата куттуктоолор чет элдик мамлекет лидерлеринен, өкмөт жана парламент башчыларынан, эл аралык уюмдардын жетекчилеринен жана башкалардан келип түштү.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Эл Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин Төрагасы Валентина Матвиенко, Россия Федерациясынын Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Чжан Мин, Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Хиссейн Брахим Таха өздөрүнүн куттуктоолорун жөнөткөн.

Пикир

Оставить комментарий