• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаровдун Глазгодогу демилгеси жакынкы күндөрү БУУнун пленардык жыйынында каралат

Саясат 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-декабрында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда кыргыз-америка эки тараптуу мамилелериндеги орунттуу учурлар жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Ошондой эле элчи Бакыт Аманбаев КР президенти Садыр Жапаровдун үстүбүздөгү жылы Глазго шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясында көтөргөн демилгеси тууралуу маалымат берип, Америка тарапты КРнын президенти тарабынан «2022-жылды дүйнө тоолорундагы көп жылдык мөңгүлөрдү коргоо жана сактоо жылы» деп жарыялоо демилгесин жакынкы күндөрү өтө турган БУУнун сессиясында колдоп берүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаровдун жогорудагыдай демилгеси жакынкы күндөрү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында каралат.

Андан сырткары, элчи жолугушуу учурунда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу КР тышкы иштер министри Р. Казакбаевдин АКШнын Мамлекеттик катчысы А.Блинкенге даректелген куттуктоо нотасын расмий түрдө тапшырды.

Ошондой эле жолугушуу учурунда кыргыз элчиси үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында Пенсильвания штатында Кыргыз Республикасынын жараны Н.Мамыровдун өлүмүнө байланышкан кайгылуу окуянын териштирилүүсү тууралуу маалымат сурап, анын жыйынтыгын чыгарууну тездетип берүүнү өтүндү.

Пикир

Оставить комментарий