• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаровдун ишин башка судья карайт

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун ишин эми башка судья карайт.

Бүгүн Жогорку сотто Садыр Жапаровдун ишин кароо боюнча отурум болду. Отурумдун башталышында Жапаровдун адвокаты Шарапидин Токтосунов соттун курамына, төрагалык кылган судьяга ишеним көрсөткөн эмес.

Анын айтуусу боюнча, судья соттук коллегияны тааныштырбастан суранычтан баштап, мыйзамды бузган. “Лепес Темирбеков аттуу судьянын отурумду алып барууга укугу жок”, - деди жактоочу.

Судья кеңешчү бөлмөдөн чыгып, бул суранычты канааттандырган. Ошентип эми ишти башка судья карайт.

Ошол эле учурда Садыр Жапаровдун тарапташтары ага колдоо көрсөтүү үчүн соттун имаратынын жанында чогулушкан.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 7-октябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында митингдер болуп, катышуучулар ошол кездеги облус башчысын барымтага алышкан.

Ошол митингге катышкан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров соттолуп, 11 жыл жана 6 айга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияга киргизилген. Жапаровго байланыштуу кылмыш иши төрт берене боюнча козголгон.

Пикир

Оставить комментарий