• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сурамжылоо: катышуучулардын 80%ы Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгүн колдогон

Коом 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде (БМУ) өлкөнүн академиялык жана эксперттик коомчулугунун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Коом жана Кыргызстандын жогорку жетекчилигинин ишмердүүлүгү социологиянын күзгүсүндө” деген темада тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столдун жүрүшүндө 2023-жылдын 10-майынан 25-майына чейин БМУ алдындагы Коомду изилдөө борбору тарабынан жүргүзүлгөн “Учурдагы коомдук-саясий кырдаалга жана Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө баа берүү” деген темада социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Бардык облустарды, Бишкек жана Ош шаарларын камтыган сурамжылоонун алкагында кыргызстандыктардын өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий жана экономикалык абалды кабыл алуусу жана баасы, ошондой эле алардын өлкөнүн жогорку жетекчилиги болгон президенттин жана министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнө карата мамилеси изилденген..

Алынган маалыматтарга ылайык, сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү акыркы 2 жылда өздөрүнүн жашоосундагы оң жылыштарды белгилешкен.

Жарандардын колдоо рейтингиндеги лидерлердин башында президент Садыр Жапаров болду. Анын ишмердүүлүгүн сурамжылоого катышкандардын 80%дан ашыгы колдогон. Сурамжылоо учурунда калктын басымдуу бөлүгү президенттин 2 жылдык ишине оң баасын берген. Ошентип, республика боюнча оң пикирлердин жалпы үлүшү 80%дан ашкан.

Айрыкча белгилей кетсек, 2022-жылдын 16-22-майында жүргүзүлгөн онлайн сурамжылоонун жыйынтыгында дагы президентке болгон ишеним 80%дан ашкан. Ошентип, социологиялык изилдөөнүн эки жылында тең кыргыз элинин президентти колдоо деңгээли өзгөргөн жок, максималдуу деңгээлде – башкача айтканда 80%дан ашык бойдон калган.

Бул социологиялык сурамжылоо 2022-жылдан бери Коом изилдөө борборунун социологдору тарабынан Кыргызстандын Социологиялык ассоциациясы менен тыгыз кызматташтыкта ​​"Кыргыз Барометри" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан мониторингдик изилдөөлөрдүн кезектеги толкуну.

Пикир

Оставить комментарий